Forgotten native language

Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.

"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп,
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар,
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.

Мен азыр мисал кылып,
Мурат деген жигит жөнүн айткым келет,
Мурат минтчү:
Эч кимге пайдасы жок түтүндөймүн,
Эч кимге пайдасы жок
Өсүп турган жүзүмдөймүн.
Тууган эл, эмне кылам?
Энемди түшүнсөм да,
Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!
Тууган эл,
Туз-наныңа түкүрбөймүн,
А бирок түшүнбөймүн,
Ырыңды, комузуңду, чапаныңды, макалыңды.
Түшүнбөймүн
Кошоюңду, Бакайыңды!
Тилим бар болгон менен,
Тил катып үндөй албай.
Тилим бар болгон менен,
Дудук болдум,
Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!

Сыздатып жүлүнүңдү,
Сындырып кабыргаңды,
Жулдуруп канатыңды,
Келатамын!
Сен кимсиң?
Сен дагы күнөөлүүсүң.
Чоңсуңбу,
Кичүүсүңбү,
Баласыңбы?

Башка калктын тарыхын билген менен,
Билбейсиң карыш турган
Ат-Башы, Таласыңды!
Билбейсиң сен Манасыңды!

А мени тааныгандар Мурат дешет.
Паспортумда да
Өмүралиев Муратмын мен.
Ал эми досторум:
Умуралиев Мурик дешет.
Мурик эмес,
Муратмын мен,
Мен ошомун,
Орустардын арасында «дуракмын» мен,
Кыргыздардын арасында «келесоомун»!

Тилим бар болгон менен,
Тил катып үндөй албай.
Тилим бар болгон менен,
Дудук болдум,
Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!

Тууган эл, кечир мени,
Туз-наныңа түкүрбөймүн,
Энемди түшүнсөм да,
Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!
А бирок моюнума
Алгым келбейт мен күнөөнү,
Ал үчүн жалгыз гана мен эле эмес,
Сен күнөөлүү,
Сен күнөөлүү!

Ысыгыңа,
Суугуңа тоңбогондор,
Ыйманын жеп, ырыңды кордогондор,
Кыргыз эмес кыргызды төрткө бөлүп
Кылтыңдашып түлкүдөй жойлогондор!

Бөрк ал десе башыңдан кан алышкан,
Бөдөнөдөй бөжөңдөп жан багышкан,
Эне тилин унутуп мансап үчүн
Эх, канчалар маңкуртка айланышкан.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
«Жылт» эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил.
Тукумуң да, тууруң да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!