Кыргыз тилин колдойлу

December 10, 2020

Биз, Кыргызстан чон держава эмеспиз, биз империянын балдары эмеспиз. Биз калкы 5 эле миллион, анын дагы таза кыргыздар 3 -3,5 миллион болгон жөнөкөй гана өлкөбүз. Ошондуктан өз тилибизди, маданиятыбызды, каада салтыбызды, урп-адаттарыбызды, улуттук намысты коргош үчүн чон мамлекеттерге караганда көбүрөөк аракет кылышыбыз керек. Анткени, чон балык кичинекей балыкты жеп коёт. Жем болбош үчүн ар бир атуулдун милдети кыргыз тилин коргоо деп эсептейм. Бул милдетти ким кандай аткарып жатат же кандай аткарышыбыз керек? Өзүбүз биринчиден каяктан чыкканабызды, ата бабаларыбыздын тарыхын, кыргыз тилин, жакшылап билишибиз керек. Дарт каякта экенин билбей туруп дарман таба албайбыз.

Атуулдук аң-сезим ар бир жараанда бар болушу керек. Бирок ошол эле жетиштүүбү тилибизди, биримдигибизди коргоп калууга? Жетиштуу эмес. Эгер азыркы чындыкты карап туруп айтканда кыргыз эли жок болууга мажбур. Биздин элитабыздын көп бөлүгү эне тилинде сүйлөбөй калган. Дагы деле тил жагынан манкурттук сезимдерибизди жоё албай жүрөбүз. Мен ата-энем сүйлөгөн, ата бабаларыбыз адырларда кой бакса да, жайлоодо жатса да сүйлөгөн тилде сүйлөйм. Дүйнөнүн эн узун «Манас» деген дастаны жазылган, ар бир кыргызга таандык болгон «Эне тилим» менен сыймыктанам.