«Ырдайлы, кыргыз ырларын» аттуу кароо-сынагы

2018-жылдын 12-апрель күнү «Ала-Тоо» эл аралык университетинде мамлекеттик тилдин урматына карата университеттеги чет өлкөлүк жана жергиликтүү ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүнүн катышуусунда « Ырдайлы, кыргыз ырларын» аттуу кароо-сынак болуп өттү. Бул сынактын уюштуруу максаты – университетте окуп жана иштеп жаткан жергиликтүү улуттун өкүлдөрүнөн башка улуттарды мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун ойготуу жана улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөө.